ГЭС-2 аймагынан өспүрүмдү бычактоого шектелген киши кармалды

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүБутырский следственный изолятор в Москве
Бутырский следственный изолятор в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
15 жаштагы эркек баланын бычакталган сөөгү 21-майда түндө табылган.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. ГЭС-2 аймагынан өспүрүмдү өлтүрдү делген киши кармалганын Sputnik Кыргызстан агенттигине Чүй ОИИББдин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 21-майда ГЭС-2 аймагынан 15 жаштагы эркек баланын бычакталган сөөгү табылган.

"Шектүү киши кармалып, Аламүдүн РИИБдин тергөө бөлүмүнө алып келинди. Учурда сурак берип жатат", — деп маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле алар тергөөнүн купуялыгы үчүн кошумча маалымат берүүдөн баш тартышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0