Башкы прокуратура: Жайыл райсоту жол кырсыгы боюнча 51 материалды жоготкон

© Sputnik / Табылды КадырбековОткрытие уголовного дела в КР
Открытие уголовного дела в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Материалдар Кайгуул милициясынан келип түшкөн, бирок сотто каттоого алынган эмес.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Жайыл райондук сотунда жол кырсыгына байланыштуу 51 административдик материал табылбай жатканын Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Бишкек — Кара-Балта жолунда жүргүнчү ташыган бус менен ГАЗ-53 үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа кагышкан - Sputnik Кыргызстан
Кара-Балтанын жолунда бус капталына оодарылып калды. Жеринен алынган кадрлар
Прокуратура жол кырсыктары көбөйгөндүктөн мас абалында машина айдаган айдоочуларга карата Чүй облустук сотунун чыгарган чечимдерин текшерген. Ага ылайык, Жайыл райондук сотунун кызматкерлери Кайгуул милициясынан келип түшкөн 51 материалды өндүрүшкө алып, каттаган эмес.

Бул материалдар соттун канцеляриясынан да табылган эмес. Башкы прокуратура күнөөлүү кишилер административдик жоопкерчиликке тартылганын билдирди.

Аталган факты боюнча облустук прокуратура тарабанын Кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси "Алдамчылык", 304-беренеси "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана 348-беренеси "Документтерди, штамптарды, мөөрлөрдү уурдоо, жок кылуу же жашыруу" боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөө амалдары жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0