Ош — Бишкек жолунда автоунаа менен кагышкан бензовоз күйүп кетти

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүРабота пункта технического осмотра автомобилей в Новосибирске
Работа пункта технического осмотра автомобилей в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бензовоздун айдоочусу кырсык болгон жерде каза болсо, жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу менен жүргүнчү ооруканага жаткырылган.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Ош — Бишкек жолунун Токтогул районунда (307-чакырым) жүк ташуучу VOLVO автоунаасы менен бензовоз кагышып, андан соң жолдон чыгып, оодарылып күйүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бензовоздун айдоочусу окуя болгон жерде каза болгон. Учурда анын ким экени такталууда. Ал эми VOLVO автоунаасынын айдоочусу жана жүргүнчү Токтогул районундагы Үч-Терек айылынын ооруканасына жаткырылган. Алардын да аты-жөнү такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0