БИШКЕК, 23 май — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда жөө адамды автоунаа коюп кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигине жарандык активист Айбек Баратов билдирди.
Анын айтымына караганда, кырсык Раззаков менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде саат 12.10дор чамасында катталган.
Бишкек шаардык Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы маалыматты ырастап, айдоочу кырсык болгон жерден качып кетпегенин маалымдады.
Ал эми Тез жардам кызматы жабыркаган адамдын ооруканага жеткирилгенин кабарлады.