Кадамжайда тойдон алып келинген этке бир үй-бүлө ууланды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЭт. Архив
Эт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уулангандарга тиешелүү жардам көрсөтүлүп, абалдары турукташып калды.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Кадамжайда бир үй-бүлө ууланып калгандыгын Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 22-май күнү атасы, апасы жана үч баласы менен бир үй-бүлө ооруканага түшкөн.

"Үй ээси 21-май күнү тойдон эт алып келип, кечинде үй-бүлөсү менен жеген. Эртеси баарынын ичи ооруп, дарыгерлерге кайрылышкан", — деп жазылат маалыматта.

Уулангандарга тиешелүү жардам көрсөтүлүп, абалдары турукташып калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0