Ош облусунда 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

© flickr.com / Matt KatzenbergerСейсмограф аппараты. Архив
Сейсмограф аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Ош облусу менен Тажикстан чектешкен аймакта күчү алты баллга жеткен жер силкинүү катталды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө караганда, жер титирөө саат 15.23төр чамасында болгон.

"Жер силкинүү Ош облусунун Бор-Дөбө, Кара-Киндик айылдарында 5 балл, Нура айылында 4,5 балл, Сары-Таш айылында 4 баллга чейин жеткен", — деп жазылат маалыматта.

Очогунда жердин силкинүүсү 6 баллга жеткен.

Алдын ала маалыматтар боюнча кырсыктан улам жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0