Чүй ОИИББ: ГЭС-2 аймагында өлтүрүлгөн өспүрүм бычакталганы аныкталды

© Sputnik / Табылды КадырбековБычак кармаган адамдын архивдик сүрөтү
Бычак кармаган адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция өспүрүмдүн сөөгүн 21-май күнү түнкү саат 22.40да тапткан.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. ГЭС-2 аймагында өлтүрүлгөн өспүрүм 15 жашта болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигине Чүй ОИИББден билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция баланын сөөгүн 21-май күнү түнкү саат 22.40та тапкан.

"Денесинде сайылган бычактын издери болгон. Ал бала Аламүдүн районунун айылдарынын биринде жашары аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп экспертиза дайындалды. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0