ТИМ: Канадада көз жумган кыргызстандык өз жанын кыйышы мүмкүн

© AFP 2023 / ROGERIO BARBOSAРека Св. Лаврентия в Монреале
Река Св. Лаврентия в Монреале - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз жаранын издөө иштери бир айга чейин созулган.

БИШКЕК, 22-май. — Sputnik. Сөөгү өткөн бейшемби күнү Канаданын Монреаль шаарындагы дарыянын жээгинен табылган кыргызстандык Дмитрий Кайдалов өз жанын өзү кыйышы мүмкүн. Бул тууралуу ТИМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кайдалов май айынын башында жоголуп, аны издөө иштери үч жумага чейин созулган. Жыйынтыгында шаардык полиция кызматкерлери анын сөөгүн дарыянын жээгинен тапкан.

"Дайынсыз жоголуп жаткан кыргызстандыктын сөөгү суудан табылды. Тергөө иштери божомолдгондой ал өз жанын өзү кыйышы ыктымал", — деп жазылат маалыматта.

Ал ортодо АКШда жашаган жарандык активист Бек Татибеков учурда полиция кызматкерлери тергөө иштеринин толук маалыматын бере электигин айтып, анын өлүмүнө шектүүлөр чыгышы мүмкүн экендигин билдирген.

Города мира. Нью-Йорк - Sputnik Кыргызстан
Нью-Йоркто бир ай мурун жоголгон кыргызстандык Азиздин сөөгү табылды
Ал ошондой эле жакындарына жардам иретинде каза болгон кыргыз жаранынын сөөгүн өрттөп жана юридикалык маселелерди чечүү үчүн каражат толук чогулганын кошумчалады.

"Маркумдун сөөгүн Канададан Кыргызстанга алып баруу абдан кымбат тургандыктан, ошондой эле ал сууда көп жатып калгандыктан жакындары аны өрттөп, күлүн гана салып жиберүүнү чечишкен", — деди Татибеков.

АКШда жана Канадада жашаган кыргызстандыктар Gofundme платформасынын жардамы менен эки күндүн ичинде 8000 доллар чогултушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0