01:09 26 Кулжа 2017
Түз эфир
Айдоочу. Архивдик сүрөт

Бишкекте автобус кишилер өтө турчу чийинден жөө адамды сүзүп кетти

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстанда 2017-жылдын башынан бери катталган жол кырсыктары (191)
361 0 0

Алдын ала маалымат боюнча №7 автобустун айдоочусу жеңил автоунааны ашып өтөм деп, жол чийинден өтүп бараткан жөө адамды көрбөй калган.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. "Чыгыш-5" кичирайонунун аймагынан автобус жөө адамды коюп кеткенин күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

Автобус №7 сбил пешехода на переходе в микрорайоне Восток-5 в Бишкеке
© фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу
Наезд автобуса на пешехода в Бишкеке

Анын айтымында, окуя бүгүн саат 15:10дөр чамасында болгон. №7 автобустун айдоочусу Toyota ist автоунаасы менен тең келе жатып, айдоочулар бири-бирине жол бербей койгон. Автобус жеңил машинадан ашып өтөм деп, жол чийинден өтүп бараткан жөө адамды көрбөй калган.

"25 жаштардагы кишини коюп кетти. Ал эс-учун билбей жатат, оозунан кан дагы чыгып кетиптир. Жакын жерде кетип бараткан ӨКМдин кызматкерлери машинасын токтотуп, ага биринчи медициналык жардам көрсөттү", — деди күбө.

Учурда кырсык болгон жерде милиция менен Тез жардам бригадасы иштеп жатат.

Бишкек ШИИБдин Кайгуул милициясы жол кырсыгы болгонун тастыктады.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp номери аркылуу жөнөтүп кабарласаңыз болот.

Тема:
Кыргызстанда 2017-жылдын башынан бери катталган жол кырсыктары (191)

Тема боюнча

Бишкекте жөө бараткан кызды унаа сүзүп кетти. Кырсыктан алынган кадрлар
Улуу кишини тепкилеген казакстандык жигит тарап кеткен видеодон кийин кармалды
Бишкекте айдоо укугунан ажыратылган адам жаңы күбөлүк менен колго түштү
Белгилер:
автобус, жол кырсыгы, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ