01:11 26 Кулжа 2017
Түз эфир
Мужчина за рулем автомобиля. Архивное фото

Бишкекте жөө бараткан кызды унаа сүзүп кетти. Кырсыктан алынган кадрлар

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстанда 2017-жылдын башынан бери катталган жол кырсыктары (191)
1360031

Жума күнү эртең менен жөө бараткан кызды унаа сүзүп кетип, жабырлануучу ооруканага жаткырылган.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Facebook социалдык баракчасына борбор калаада жөө кызды сүзүп кеткен видео тарады. Аны социалдык түйүндүн колдонуучусу Айбек Баратов жарыялаган.

Видеодо көрүнүп тургандай, жабыркаган кыз жол чийинден өткөн. Унаалардын биринчи катары аны өткөрүп жиберишкени менен арт жакта келе жаткан кызыл түстөгү маршрутка ылдамдыкты жогорулатып, алдыда турган жеңил унааны сүзгөн. Жыйынтыгында жеңил унаа кызды сүзүп салган.

Маалыматты Бишкек Кайгуул милиция башкармалыгы тастыктап, окуя таңкы саат 07.30дар чамасында Жаш Гвардия бульвары менен Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде катталганын билдирди.

Ага ылайык, кырсыкка себепкер болгон айдоочунун унаасы айып короого токтотулуп, ал эми жабыркаган кыз Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жаткырылган.

Тема:
Кыргызстанда 2017-жылдын башынан бери катталган жол кырсыктары (191)

Тема боюнча

Байтик Баатыр көчөсүндө болгон жол кырсыктан бир адам мерт кетти
Улуу кишини тепкилеген казакстандык жигит тарап кеткен видеодон кийин кармалды
Бишкекте айдоо укугунан ажыратылган адам жаңы күбөлүк менен колго түштү
Белгилер:
унаа, жүргүнчү, жол кырсыгы, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ