05:27 13 Бештин айы 2017
Түз эфир
Бычак кармаган киши. Архивдик сүрөт

Адам эти менен досторун тойгузуп... Ысык-Көлдө изделген киши жегич

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Алимджан Валиев
1724595

Алматыдан чыккан мыкаачы сегиз кызды өлтүргөн. Киши этинен жасалган мантыдан жедирип жатканда өз достору карматкан. Бирок бир нече жылдан кийин ооруканадан чыгып кетип, кийин аны Кыргызстанда издей башташкан. Көп жылдык тажрыйбасы бар милициянын полковниги, белгилүү публицист Александр Зеличенконун баяндарынын дагы бирин сунуштайбыз.

Известный публицист полковник милиции в отставке Александр Зеличенко в студии ИА Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Азамат Тотубаев
Көп жылдык тажрыйбасы бар милициянын полковниги, белгилүү публицист Александр Зеличенко
Өткөн сапар 48 мүрзөнү казып, кыздардын өлүгүн кордогон фрунзелик некрофил боюнча жазган элек.

Бул жолу жеткен ырайымсыздык менен Казакстанда бир нече кишини өлтүргөн алматылык мыкаачы жөнүндө кеп болот. Ал кармалып соттолгон, бирок 80-жылдардын аягында чоң кылмышкерлер кармалчу жайдан жаңылыштык менен чыгарып ийишкен. Кийин киши жегич Ысык-Көл облусунан да изделген.

Адам этинен жасалган манты

Совет мезгилинде Казак ССРинде киши жегич чыккан. Бул туурасында көп айтылып-жазылган, элге бир нече ирет эскертүү берилген. Кайсы бир маалда борбор калаада жаш кыздар жоголуп, алар көкүрөктөрү кесилип, өлүгү табыла баштаган. Зордукталган эмес, мындан улам милицияга бул кылмыштар мыкаачылык максатта — адам этин жеш үчүн жасалып жатканы анык болгон. Алматы шаарында жана облусунда жалпы 8 кыз-келин өлтүрүлгөн.

Мыкаачы мастыгы менен өз айыбын өзү кокустан ачып алган. Ал курулушта бетон аралаштырып иштеп жүрүп бир күнү жатаканасына досторун чакырып, биринин туулган күнүн белгилешкен. Арактан аябай ичишет. Баары мас болуп калганда меймандардын бири тамактан адамдын тырмагын таап алат да, меймандардын баары чакчелекей түшөт.

"Эмнеси бар экен? Киши этинен манты, чүчбара жеп атасыңар" деп эч нерсе болбогондой сүйлөп жаткан үй ээсин коноктор колун толгоп, милицияга алып келишет. Тергөө узак жүрүп, акыры аны акылынан айныган деп таап, камашкан. 

Снимок с новостного портала tengrinews.kz. Каннибал Николай Джумагалиев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Киши жегич Николай Жумагалиев. Сүрөт tengrinews.kz сайтынан тартылды

Киши жегич азатта

Совет маалында коомго кооптуу адамдар атайын психиатрдык жайларда кармалчу, аларды "крытка" — "жабык абак" деп коюшчу. Бул да түрмө сыяктуу эле жай болуп, абдан тыкыр кайтарылчу.

"Бейтаптар" сыртка таптакыр чыга алышчу эмес. Байкоо салышчу, изилдешчү, булардын жыйынтыгында күч органдары илимий негизделген психологиялык портреттерге ээ болушчу.

80-жылдардын соңунда биз бул тутумдун жаңылыштыгы менен жүздөштүк. Советтер Союзунун урашын утурлай республикалар эркиндикке умтулуп, мындай дарыканаларды каржылоо толугу менен токтоду. Биз кеп кылган мыкаачы да эч кимден коркуп-үркпөй, качпай эле ачык турган эшиктен чыгып кеткен.

Аны үчүнчү күн дегенде эстеп, чуру-чуу түшөт, бийлик "кимди кое бергениңерди билесиңерби, акылыңар ордундабы?!" деп аябай кыжырданат. Мыкаачыга дароо издөө салынып, көрсөтмөлөр түзүлөт. Ар жерде "киши жегич чыгыптыр" деген кеп дуулдайт.

Тоолорго бекинген канкор

Ал убакта Зеличенко Ысык-Көл облусунун кылмыш иликтөө бөлүмүн жетектечү. Ооруканадан чыгып кеткен мыкаачы Казак жана Кыргыз ССРлерин бөлүп турган Ысык-Көлдүн тоолорунда жашырынып жүрөт деген маалымат келет.

Бир күнү Зеличенконун отурган кабинетине жергиликтүү чабан келип тоодо жашынып жүргөн киши тууралуу айтып берет. Мыкаачыны издей турган аянт аябай чоң эле, андыктан четтен жардам зарыл болчу.

"Мен биз менен бир аймакта жайгашкан аскер бөлүгүнө жардам сурап кайрылдым. Текеберленип, көмөк көрсөтүүдөн баш тартышты. Анан офицерлердин жубайлары аймактагы эң сулуу айымдар экенин эскерттим эле, жардамдашууга макул болду", — деп эскерет Зеличенко.

Операция үчүн гарнизон бир рота, сооттолгон бир нече аскер техника жана бардык керектүү нерселерди бөлүп берди. Киши жегичти бир жумадай издедик. Биз бардык жерди тинтип бүткөнүбүздө киши жегич Ташкентте кармалганы туурасында маалымат келди.

"Темир азуу"

Николай Жумагалиев 1952-жылы Алматы облусунун Узун-Агач айылында туулуп, үй-бүлөдөгү көзгө басар жалгыз уул болуптур. Үч кыздын бирөө табышмактуу жагдайларда жоголуп кеткени айтылат.

Жумагалиев мектептен соң техникумга тапшырып, окуу жайдан кийин аны аскердик кызмат күтүп турган эле. Жогорку окуу жайга тапшыруу аракетинен майнап чыкпай, жигит Советтер Союзун баштан-аяк кыдырып, улам бир жумуш алмаштырып жүрө берет.

Кийинчерээк Алматыга кайтып, өрт өчүрүү кызматына орношот. Кесиптештери Николайдын аялдардын күнөөгө батканын, аларды жазалап туруу зарылдыгын көп айтчу дешет. Темир кийме тиши үчүн "Темир азуу" деген атка да конуптур.

1978-жылы биринчи курмандыгы колуна илинет

"Ошол учурда түшүмө аялдардын кескиленген дене мүчөлөрү көп кирчү. Суудан агып бара жаткан колдорду, буттарды көрчүмүн", — деп айтып берген Жумагалиев.

Бир жолу түн ичинде айылдын жолунан бир кыздын кетип баратканын көрөт. Мыкаачы дароо ага кол салып, таштанды төгүлгөн жерге сүйрөп барат. Мууздап, моокуму кангыча канын соруп алат да, денесин мүчөлөп, үйүнө алып келет. Калган сөөгүн жерге көөмп коет. Этин кууруп, аны менен бир айча тамактанат.

Кийинки жылы "этиятсыздыктан" улам кесиптешин атып өлтүрүп алат да, төрт жылга кесилип кетет. Бирок жакшы жүрүм-туруму, кылмышы үчүн өкүнгөнү үчүн сегиз айдан кийин эркиндикке чыгат.

Жандын денеден бөлүнүп жатканын көргүм келди

Азаттыкка чыккандан кийин Жумагалиевдин баягы ит оорусу кайра кармайт. Кээде кыздар менен таанышып, түнөгөндөн кийин муунтуп же мууздап жатып, анын көздөрүнөн көзүн албай карап турарын кийин айтып берген.

"Мен жандын денеден бөлүнүп чыкканын көргүм келчү", — деген кылмышкер.

1979-жылдын апрелинен июнь айына чейин Жумагалиев үч кишинин жанын алган. Алгач чиркөөдөн кайтып келе жаткан аялды, андан соң түн ичинде үйгө кирип, жанаша уктап жаткан кызы менен энесин өлтүргөн.

Ал жактан чыгып тааныш кызынын үйүнө барат да, аны менен болгон жыныстык катнаштан кийин бир аз сүйлөшүп туруп, мууздап салат. Ошол маалда болуп көрбөгөндөй дүүлүгүп, өлүм алдында жаткан кызды зордуктай берет…

Ал дагы деле тирүү

Жумагалиев бөтөлкөлөштөрүн киши этинен жасалган манты менен тойгузгандан кийин кармалып, психиатриялык ооруканага жаткырылат. Сегиз жылдан кийин ал жактан бошонуп кетет.

Өзбекстандан кармап кайра ооруканага жайгаштырылат. 1994-жылы дарылоочу жайдан расмий чыгып, мекенине кайтарылган Жумагалиевди жердештери жек көрүү менен тосуп алат. Аялдар айланып өтсө, эркектер ачык эле бетине түкүрүп өтүшчү дешет.

Мындай мамилеге чыдабай мыкаачы айылдан кетип калат. Ар кыл маалыматтар боюнча Жумагалиевдин азыркыга чейин көзү тирүү. Айрым кабарлар боюнча ал Алматы шаарынын алдындагы кылмышкерлер кармалчу атайын дарылоочу жайда. Ал жактан Жумагалиев өзү үчүн өлүм жазасын сураган, бирок анын өтүнүчү кабыл алынган эмес деп да айтылып келет.

Акыркы жолу киши жегич тууралуу казак гезит-журналдары 2016-жылы жазып чыгышты. Журналисттер аны менен маектешүүгө аракеттенип, бирок Жумагалиев мындай өтүнүүлөр "ага кыйын болорун" айтып, интервьюга макул болбой койгон имиш.

Тема боюнча

Кыргызстанда кылмышкерлердин канчасы кармалып, канчасы куйругун түйүп кетет
Мамакеев: атынып, тамтыксыз бычак жеп, ичегисин көйнөгүнө ороп келгендер жашап кетишти
Белгилер:
психиатриялык оорукана, киши өлтүрүү, өлүк, кылмыш, Александр Зеличенко, Казакстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ