БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Чолпон-Ата шаарындагы "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийинде эки жашар кызды бейтааныш аял "уурдап" кетти деп айрым ЖМКларга чыккан маалымат боюнча Ысык-Көл облустук ИИБдин маалымат катчысы Сталбек Усубакунов түшүндүрмө берди.
Анын айтымында, аталган факты "дайынсыз жоголуу" деп милицияга каттоого алынган.
"Кечээ Бишкектен бир үй бүлө төрт баласы менен "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийине эс алганы келип, каттоо иштерин жүргүзүп жатканда эки жашар кызы бир аз убакытка кароосуз калып, сыртка чыгып кетиптир. Кызын таппай калган ата-эне өз алдынча издеп, жыйынтык чыкпаганда милицияга кайрылышкан. Милиция видеокөзөмөлдү карап, бейтааныш аял наристени жетелеп баратканын байкаган", — деди ал.
Усубакунов азыр бул материал прокуратурага өткөрүлүп, алар юридикалык баа бергенден кийин аялга карата чара көрүлөрүн кошумчалады.
Учурда аял кармалып, эки жашар кыз ата-энесине берилди.