Тажикстандан илгерки Куран китебин алып кетип бараткан кыргызстандык кармалды

© AFP / SANJAY KANOJIAКуран китеби. Архив
Куран китеби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистердин баамында, 300 жылдык тарыхы бар бул китептин адабий жана маданий баалуулугу жогору.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Тажикстандын бажы кызматкерлери илгерки Куран китебин контрабандалык жол менен алып чыгууга аракет кылган кыргызстандык жаранды кармашты. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

Ценный экземпляр Корана в Национальной библиотеке Таджикистана - Sputnik Кыргызстан
Тажикстандын китепканасына тамгалары алтындын буусу менен жазылган Куран коюлду
Маалыматка караганда, Кыргызстандын мамлекеттик номери менен бажы текшерүүсүнөн өтүп жаткан унаадан желим баштыкка оролгон Куран китеби табылган.

Китепти алып кетип бараткан адам 27 жаштагы кыргыз жараны экени белгилүү болду.

Адистердин баамында, 300 жылдык тарыхы бар бул китеп адабий жана маданий баалуулук болуп саналат.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөөлөр башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0