Ош менен Жалал-Абадда кайрадан жер титиреди

© flickr.com / Matt KatzenbergerСейсмограф аппараты. Архив
Сейсмограф аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жердин силкинүүсү 17-май күнү саат 16:02де катталган.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Ош менен Жалал-Абад облустарында жер титирегенин ӨКМ Сейсмология институтуна шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка ылайык, жер 17-май күнү саат 16:02де силкинген.

"Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында, Шоро-Башат айылынан батышты карай 10 чакырым, Өзгөн шаарынан түндүк-батышты карай 15, Жалал-Абад шаарынан түштүк-чыгышты карай 19, Көк-Жаңгактан түштүк-батышты карай 22, Ош шаарынан түндүк-чыгышты карай 45 чакырым алыстыкта жайгашкан", — деп айтылат маалыматта.

Жер титирөөнүн күчү Шоро-Башат айылында 2,5 балл, Өзгөн жана Жалал-Абадда 2 баллга жеткен. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0