Чым-Коргондо унаа сүзүп кеткен кыз каза болуп, айдоочу из жашырып кетти

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүВручение автомобилей "Скорой медицинской помощи" учреждениям здравоохранения Республики Татарстан
Вручение автомобилей Скорой медицинской помощи учреждениям здравоохранения Республики Татарстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күбөнүн айтымында жол кырсыгы 14-май күнү болжол менен 18.20лар чамасында болгон.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Бишкек — Балыкчы унаа жолунда унаа кызды сүзүп кетип, айдоочу из жашырып кеткенин күбө социалдык тармактар аркылуу билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыгы 14-май күнү болжол менен 18.20лар чамасында болгон.

"Окуя Чым-Коргон айылында болуп, айдоочу ошол жерден качып кетти. Биз үй-бүлөбүз менен Ысык-Көлдөн келе жатып буга күбө болуп калдык. Унаа катуу ылдамдыкта бараткандыктан видеобайкагычтан номерин көрүүгө мүмкүн болгон жок. Окуя болгон жерге кырсыкка себепкер машинанын каптал жагындагы күзгүсү түшүп калган", — деди күбө.

Жол тандабас Чоң Чүй каналынан чыгарылды. Жеринен алынган видео - Sputnik Кыргызстан
Жол тандабас Чоң Чүй каналынан чыгарылды. Жеринен алынган видео
Ошондой эле ал кызды сүзүп кеткен унаа болжол менен боз түстөгү Mazda-6 үлгүсүндөгү машина экенин айтып, коомчулуктан эреже бузган жаранды табууга жардам берүүнү өтүнөт.

Чүй облусттук Кайгуул милициясынын маалымат кызматы Sputnik Кыргызстандын кабарчысына жабыркаган кыз жаргиликтүү ооруканага жеткирилгенден каза болуп калганын билдирди.

Учурда кылмышка шектүү жаранды издөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0