Үй-бүлөлүк медициналык борбордун башчылары казынаны 9 млн. сомго чыгаша кылды

Жазылуу
Ишти тергөө Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгына тапшырылды.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы №18 үй-бүлөлүк медициналык борбордун жетекчилерине карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Калькулятор жана акча каражаттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көзү өткөн аялга үч жыл бою пенсия "төлөгөн" соцфондчуларга иш козголду
Аталган медициналык борбордун жетекчилери бухгалтерияда иштегендер менен жең ичинен сүйлөшүп алып, кассирдин атына банктан эсеп ачып, ага 2013-жылдан 2017-жылга чейин ай сайын бюджеттик акчадан 200 миң сом которуп турушкан. Андан кийин бул каражатты өздөрү алышкан.

Мындан сырткары, "КР саламаттык сактоо кызматкерлеринин маянасы жөнүндөгү" жобонун талаптарын бузуп, кызматкерлердин эмгек коэффицентин арттыруу менен негизсиз түрдө 82 миң 100 сом төлөнгөн.

Мыйзамсыз иш-аракеттердин жыйынтыгында мамлекетке 8 миллион 900 миң сомдон ашык зыян келтирилген.

Ишти тергөө Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгына тапшырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0