Бишкек — Ош жолуна ылай-баткагы аралаш таш кулады

Жазылуу
Өзгөчө кырдаал Кара-Көл шаарынын аймагынан болжол менен саат кечээ 21.30дар чамасында катталган.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолуна кечээ кечинде ылай-баткагы аралаш таш кулаганын ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Өзгөчө кырдаал Кара-Көл шаарынын аймагынан, тагыраагы трассанын 398-400 чакырымдарынын ортосунда катталган.

"Тоодон жолго таш-топурак сүрүлүп түшүп, аны тазалоо үчүн техника тартылган. Бир аз убакыттан кийин жол ачылып, унаалар тилкенин бир тарабы менен каттай баштаган. Алдын ала маалымат боюнча кырсыктан эч ким жабыркаган эмес", — деп айтылат кабарда.

Учурда жолдун бир тарабы гана ачык. ӨКМ таш кулоо кооптуулугу азыр да күч экенин белгилеп, жолго чыккан айдоочуларды этият болууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0