Карышкырды кордогон видео Кыргызстанда тартылышы мүмкүн

© Sputnik / Владимир Воронин / Медиабанкка өтүүНациональный спортивный фестиваль "Салбурун" проходит в Киргизии
Национальный спортивный фестиваль Салбурун проходит в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармактын колдонуучусу видео Кыргызстанда тартылганын айтууда.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Facebook социалдык баракчасындагы тайпаларадын бирине карышкырды улам бир итке талаткан видео жарыяланды.

Видеону интернетке жүктөгөн адам окуя Кыргызстанда болгонун айтууда.

"Кармалган жапайы жаныбарларды ушинтип кордошот", — деп жазды интернет колдонуучу.

Видеодо карышкыр жаш экени жана ал акыркы күчү менен карманып турганын байкаса болот.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги аталган видеожазылма боюнча иликтөө жүргүзүлөрүн маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0