БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Лейлек районунда май куюучу жай күйүп, бир адам жабыр тарткандыгы тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Өрт Лейлек районун Жаңы-Жер айыл аймагындагы "Петрогаз" май куюучу жайынын оператордук имаратынын ашканасынан чыккан.
"От ашканадагы газ баллондун редукторунан тутанган. Имараттын ичинен 28,8 чарчы метр аянт күйүп, май таратуучу колонканын резина, желим оттун ысыгына эрип калган. Бактыга жараша, от күйүүчү майга жеткен эмес", — деп айтылат билдирүүдө.
Маалыматка караганда, май куюучу жайда иштеген 36 жаштагы жаран өрттү өз алдынча өчүрүүгө аракет кылып, колдору, буттары жана бетинин айрым жерлерин күйгүзүп алган.
Жабырлануучу ошол замат Тажикистандын эң жакын аймактык ооруканасына жеткирилгени айтылды.
Өрттүн себеби жана материалдык чыгымдары такталууда.