Чек арачынын сөөгү 20 күндөн кийин суу мунарасынын жанынан табылды

© REUTERS / Mukesh Gupta/FilesЧек ара кызматкери. Архив
Чек ара кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
24 жаштагы чек ара кызматкери бир күнгө жумушунан суранып кетип, ошол бойдон кызматка кайтып келген эмес. Издөө иштерине анын туугандары, ИИМ, аскердик прокуратура чыккан.

БИШКЕК, 14-май. — Sputnik. Чүй облусунун Кемин районунда чек ара кызматкеринин сөөгү табылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күч түзүмдөрүнөн кабарлашты.

24 жаштагы чек арачы 24-апрель күнү дайынсыз кеткен. Окуя тууралуу ИИМге дароо кабарланып, ӨКМ, Аскер прокуратурасы, ата-энеси аны издей баштаган.

"Кечээ анын сөөгү Токмок шаарына чукул суу мунарасынын жанынан табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча ал чөгүп кеткен", — деп айтылат билдирүүдө.

Күч түзүмдөрү чек арачы кызмат учурунда каза болбогонун баса белгилешүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0