Алайда сууга чыккан аялды автоунаа уруп кетип, келин ошол жерден жан берди

© AP Photo / Walter AstradaПоследствия урагана "Жанна" в Гаити
Последствия урагана Жанна в Гаити - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автокырсык кечээ саат 16:30дарда болгон.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Алай районунда суу алып келем деп чыккан 31 жаштагы аялды автоунаа коюп кетип, каза тапты. Бул туурасында Ош облустук милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Автокырсык кечээ саат 16:30дарда болгон.

"Сууга чыккан аял чакалары менен жол жээгинде турганда Subaru Legacy Lancaster автоунаасы уруп кеткен. Анын жаракаттары катуу болгондуктан, ошол жерде жан берген", — деп айтылат маалыматта.

Айдоочу тиешелүү текшерүүлөрдөн өткөндөн кийин анын соо экендиги аныкталган.

Милиция айдоочу аялды абайсыздан койдуруп алган деген алдын ала маалымат берди. Автоунаа айып короого токтотулуп, тергөө иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0