Алайдын тоолорунда жүк ташуучу унаа аласалып, айдоочу каза болду

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүОтправка гуманитарного конвоя на Украину
Отправка гуманитарного конвоя на Украину - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык ашуудан ашып бараткан учурда болгон. Алдын ала маалымат боюнча айдоочу рулга ээ боло албай калган.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. Ош облусунда жүк ташуучу унаа аласалып, айдоочусу каза тапканын Sputnik Кыргызстан агенттигине ОИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 11-май күнү Алайга кетип бараткан жолдо болжол менен саат 18.30дар чамасында болгон.

"ЗИЛ-130 үлгүсүндөгү унаа Ош — Эркеч-Там жолунун тогузунчу чакырымында ашуудан ашып бараткан. 25 жаштагы айдоочу рулду башкара албай калып, машина аласалып кулап кеткен. Алган жаракаттарынан улам айдоочу ошол эле жерден мерт болгон", — деп айтылат билдирүүдө.

Унаада айдоочудан башка эч кимдин жок экени аныкталып, учурда тийиштүү экспертизалардын баары дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0