Жалал-Абадда "зордуктадың" деп таксисттен акча доолаган аялдар кармалды

© AFP / NOEL CELISКол кишен. Архив
Кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соттун өкүмү менен аялдардын бири эки айга камакка алынып, калган экөө үй камагына чыгарылды.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Жалал-Абад шаарында такси айдоочусун "зордуктадың" деп опузалоо жолу менен акча талап кылган аялдардын тобу кармалды. Бул туурасында облустук ИИБдин мааылымат кызматы аймактык кабарчыга билдирди.

© Фото / пресс-служба УВД в Джалал-Абадской областиТакси айдоочусун "зордуктадың" деп опузалоо жолу менен акча талап кылган деп кармалган шектүү аялдар
Вымогательство денег за вымышленное изнасилование в Джалал-Абадской области - Sputnik Кыргызстан
Такси айдоочусун "зордуктадың" деп опузалоо жолу менен акча талап кылган деп кармалган шектүү аялдар

Маалыматка ылайык, 24-апрель күнү жергиликтүү жаран зордуктоо боюнча жалаа жабуу менен эки аял акча алганын айтып милицияга кайрылган.

"Шаарда Токтогул көчөсү менен баратсам бир аял унаама отуруп, баласын шаардан алып, анан үйүнө жеткирүүнү суранды. Бирок бир аздан кийин кызыл түстөгү жеңил машинанын жанына токтотту. Анан эки аял чыга калып эле "сиңдимди зордуктадың" деп жалаа жаап, унаанын техникалык паспорту менен айдоочулук күбөлүгүмдү тартып алды. Муну милицияга жеткирбей бүтүрөрүн айтып менден 15 000 сом алышты", — деп көрсөтмө берген жабырлануучу.

Кыргышкерлерди кармоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда кылмышкерлердин канчасы кармалып, канчасы куйругун түйүп кетет
Ошол эле күнү кылмыш жаза кодексинин 170-беренеси (опузалоо) боюнча иш козголуп үч аял кармалган. Алардын экөө Жалал-Абад облусунун эч жерде иштебеген 34 жана мурда соттолгон 40 жаштагы жашоочулары болсо, дагы бири Өзбекстандын 39 жаштагы жараны экени аныкталган.

Тергөөнүн натыйжасында соттун өкүмү менен 34 жаштагы аял эки айга камакка алынып, калган экөө үй камагына чыгарылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0