Санкт-Петербургда жоголгон 10 жаштагы кыргызстандык баланы полиция издеп жатат

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүРоссиянын полиция кызматкерлери. Архив
Россиянын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жоголуп кеткен бала шаардагы мектептердин биринде 3-класста окучу. Буга чейин өз алдынча үйдөн чыгып кеткен эмес.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Санкт-Петербургдун Невский районунда 8-майда жоголуп кеткен 10 жаштагы бала изделип жатканын Федералдык маалымат агенттиги укук коргоо органдарына таянуу менен билдирди

Ага ылайык, полицияга баласы жоголуп кеткени боюнча Кыргызстандын жараны кайрылган.

"8-майда Тельман көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен кичинекей бала чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Ал жылуу көк түстөгү күрмө, бутуна кара-ак болгон кроссовка кийип жүргөн. Жанында уюлдук телефон, документ жана акча болгон эмес", — деп баланын атасы айтып берген.

Жоголуп кеткен бала шаардагы мектептердин биринде 3-класста окучу. Буга чейин өз алдынча үйдөн чыгып кеткен эмес.

Невский районунун полициясы издөө иштерин жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0