Бишкекте айдоочу аял түркүктү сүзүп, кырсыктан балдары жабыркады

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуБакаев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде унаа түркүктү сүзүп алган
Бакаев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде унаа түркүктү сүзүп алган - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
51 жаштагы аял унаасын башкара албай калып түркүктү сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен анын жети жаштагы баласы жана сегиз жаштагы кызы жабыркаган.

БИШКЕК, 10-май. — Sputnik. Борбор калаада унаа түркүктү сүзүп алгандыгы тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына күбө маалымдады.

Наезд на девушку в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
ТЭЦтин жанынан унаа жолдон өтүп бараткан кызды коюп кетти
Анын айтымында, окуя Бакаев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде эртең мененки саат 8:30дар чамасында болгон.

Сүрөттө көрүнүп тургандай Mazda Demio үлгүсүндөгү унаа катуу ылдамдыкта келип сүзгөн бетон түркүк соккудан улам кыйшайып калган.

Маалыматты Кайгуул милиция башкармалыгы тастыктап, жол кырсыгынын кесепетинен эки бала жабыркаганын кошумчалады.

"51 жаштагы аял унаасын башкара албай калып түркүктү сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен анын жети жаштагы баласы жана сегиз жаштагы кызы жабыркаган", — деди Кайгуул милиция кызматкери.

Учурда жол кырсыгына кабылган аялдын спирт ичимдигин ичкен-ичпегени териштирилүүдө. Алдын ала маалыматтарга караганда балдар алган жарааттарынан улам ооруканага жаткырылган.

Эгер кандайдыр бир окуяларга күбө болуп калсаңыз, анын сүрөттөрүн жана видеосун +996 706 566 544 WhatsApp номерине жөнөтсөңүз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0