Кара-Кулжа районунда жер көчүп, бир үйдү жана сарайды басып калды

© Фото / пресс-служба МЧС КРОползень в селе Ылай-Талаа в районе Кара-Кулжа
Оползень в селе Ылай-Талаа в районе Кара-Кулжа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык болгон аймакка тийиштүү адистер барып, абал менен жеринен таанышкан.

БИШКЕК, 10-май. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 9-май күнү саат 9:00дөр чамасында Ылай-Талаа айыл аймагынын Шаркыратма айылында болжол менен 20 миң куб метр жер көчкү түшүп, бир үйдү (жайында чөп орок мезгилинде жашай турган), сарайды жана ички чарбалык жолдун 30 метр аралыгын басып калган. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, жараталыш кырсыгынан эч ким жабыркаган эмес.

"Кырсык болгон жерге тийиштүү адистер барып абал менен жеринен таанышып, кооптуу аймактагы бир турак үйдүн жашоочуларын коопсуз жайга көчүрүп, калган турак үйлөргө кооптуу абал жаралбагандыгын аныкташкан", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле эски жер көчкү түшкөн аймакка мыйзамсыз түрдө үй куруп жашап жаткан 24 үй-бүлөгө түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп, Ылай-Талаа айыл аймагынын башчысына жер маселесин чечип, көчүрүп чыгаруу боюнча тапшырма коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0