Мырзаке — Кара-Шоро жолуна таш кулап Жазы дарыясын бөгөп калды

Жазылуу
№5 жол тейлөө ишканасы тарабынан таштарды жардырып тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министирлиги менен макулдашуулар жүрүп жатат.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Мырзаке — Кара-Шоро автожолунун 47-чакырымында таш кулап, Жазы дарыясын бөгөп калды. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, окуя 8-майда түнкү саат 10:00дөр чамасында болгон.

"Анын кесепетинен дарыядагы суунун көлөмү көтөрүлүп жолго чыгып, автоунаалардын катташына оорчулук туудуруп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Азыркы убакта №5 жол тейлөө ишканасы тарабынан таштарды жардырып тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министирлиги менен макулдашуулар жүрүп жатат. Тазалоо иштерине бульдозер, жүктөгүч жана ишкананын жумушчулары даярдалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0