Бишкектин чок ортосунда атышуу болду

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуПерестрелка в Бишкеке
Перестрелка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки топко бөлүнгөн эркектер уруша кетип, окуя атышуу менен аяктаган.

БИШКЕК, 9-май. — Sputnik. Бишкектин борбордук бөлүгүндө атышуу болгондугун Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.

Анын айтымында, окуя Исанов менен Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

"Эки топко бөлүнгөн кишилер кайым айтышып, уруша кетишти. Анан бирөөсү травматикалык тапанча менен беркилерди ата баштады", — деди күбө.

Бишкектеги кинотеатрдын жанындагы атышуу — видеобайкоодогу кадрлар - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги кинотеатрдын жанындагы атышуу — видеобайкоодогу кадрлар
Анткен менен Тез жардам кызматы аталган жерге чакыруу болбогондугун маалымдады.

Ал эми шаардык милиция атышуу түнкү саат үчтөрдө болгондугун тастыктады.

"5-6 бала уруша кетип, аягы атышуу менен аяктаган. Учурда төртөө кармалып, ооруканада жатат", — деп милициядан билдиришти.

Учурда аталган факты боюнча тергөө амалдары башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0