Бишкекте жол кырсыгына бир учурда беш машина кабылды

© AFP / DAMIEN MEYERДТП на Ренне. Франция
ДТП на Ренне. Франция - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы Некрасов менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.

БИШКЕК, 7-май. — Sputnik. Түндө Бишкекте бир учурда беш автоунаа жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыгы Некрасов менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде саат 23:00дө катталган.

"Мен өтүп баратып, бетме-бет кагышкан BMW 3 менен Honda Stepwgn машиналарын көрдүм. Алардын жанында такси, бус жана дагы бир жеңил унаа турган. Алар дагы жабыркаптыр", — деди күбө.

Бишкек ШИИБдин Кайгуул милиция башкармалыгы жол кырсыгы болгонун тастыктады. Ал эми Тез жардам кызматы аталган дарек боюнча чакыруу түшпөгөнүн билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0