БИШКЕК, 6-май. — Sputnik. "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркында 20 жаштагы кыз кулаган таш алдында калып каза болгонун ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, окуя 5-май күнү кечке жуук катталган.
"Ала-Арча" паркындагы мейманканалардын биринин тушунда 20 жаштагы кыздын үстүнө таш кулап, ал ошол жерден мерт кеткен. Кооптуу объектилерди көрүп жүргөн куткаруучулар кыздын сөөгүн алып түшүп, медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен", — деп жазылат маалыматта.
Белгилүү болгондой, каза болгон кыз Мамлекеттик медициналык академиясында 3-курста окучу. Кырсыктын келип чыгуу себептери учурда иликтенүүдө.