Бишкекте Lexus айдаган аял мотоциклчен адамды сүзүп кетти. Кырсыктын видеосу

© Sputnik / Михаил Фомичев / Медиабанкка өтүүМотоциклист. Архив
Мотоциклист. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол тандабастын айдоочусу унааны бурууга аракет кылып жатып артынан келе жаткан мотоцикл менен сүзүшүп кеткен.

БИШКЕК, 5-май. — Sputnik. Лев Толстой менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде Lexus 330 үлгүсүндөгү унаа менен мотоцикл кагышып кетти. Бул тууралуу WhatsApp-каналы аркылуу кырсыктын күбөсү кабарлаган.

Маалыматты Бишкек ШИИБ Кайгуул милициясы да тастыктады. Аларга кырсык тууралуу маалымат 14:15те түшкөн. Кайгуул милициясы билдиргендей, Lexus үлгүсүндөгү унааны айдап бара жаткан аял чыгыш тарапты көздөй баратып, машинаны бурганга аракет кылган. Дал ушул учурда анын артында келе жаткан мотоцикл менен кагышып кеткен.

"Унаа башкарган аял соо эле болчу. Ал эч кандай жараат алган эмес, ал эми мотоциклдин айдоочусу ооруканага жеткирилген", — дешти милициядан.

Эки унаа тең айып короого токтотулган. Милиция кызматкерлери жол кырсыгы тууралуу маалыматты топтогон соң тергөө бөлүмүнө өткөрүп бермекчи.

Эгер кандайдыр бир окуяларга күбө болуп калсаңыз анын сүрөттөрүн жана видеосун +996 706 566 544 WhatsApp номерине жөнөтсөңүз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0