Бишкек: мыкаачылык менен адам өлтүрдү деп шектелген киши кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековБычак кармаган адамдын архивдик сүрөтү
Бычак кармаган адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя 4-май күнү болжол менен 22:00дө борбор калаадагы 7-кичи районундагы курулуштардын биринде болгон.

БИШКЕК, 5-май. — Sputnik. Борбор калаадагы курулуштардын биринин кароолчусу өзү менен бирге иштеген адамды өлтүрүүгө шектелип кармалгандыгын шаардык милициядан билдиришти.

Анда 4-майда 22:00дө борбор калаадагы 7-кичи районундагы курулуштардын биринде бычак жеген киши боюнча милицияга билдирүү түшкөндүгү айтылат. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барганда бутуна бычак сайылып жаракат алган жаран бар экендиги аныкталган. Кийин ал алган жаратынын улам көз жумган.

"Ал түнү каза болгон адам менен шектелип жаткан кароолчу арак ичип уруша кетишкен. Алардын бири  экинчисин санга бычак менен сайган. Тез жардам кызматы келгенге чейин жаракат алган 42 жаштагы жаран көз жумган. Кылмышка шектүү катары 37 жаштагы киши кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Учурда Октябрь райондук ИИБдин кызматкерлери Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш ишин козгоп, экспертиза иштерин өткөрүп жатат. Шектелген жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0