Чоң-Алайда кайтадан жер силкинди

© AP Photo / STRЖер титирөөнүн графиги. Архив
Жер титирөөнүн графиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Силкинүүнүн очогу Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасынын аймагында катталган.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Ош облусунун Чоң-Алай районунда кайтадан 4 баллга чейин жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык жер титирөө бүгүн саат 12:57де болгон.

"Силкинүүнүн очогу Тажикстан жана Кыргызстандын чек арасынын аймагында катталып, очогунда 4 баллга чейин жеткен", — деп айтылат маалыматта.

Жер титирөөнүн күчү Чоң-Алай районунун Алга, Кара-Тейит айылдарында 3,5-4 балл, Карамык айылында 3,5 балл болуп сезилген. Алдын ала алынган маалымат боюнча кыйроолор жок.

Белгилей кетсек, 3-майда дагы Чоң-Алайда жер титиреп, мал короолор бузулуп, бир адамды басып калып ал жергиликтүү тургундар тарабынан куткарылган болчу. Түндө дагы бир жолу жер силкинген.

Жаңылыктар түрмөгү
0