Нью-Йоркто бир ай мурун жоголгон кыргызстандык Азиздин сөөгү табылды

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүГорода мира. Нью-Йорк
Города мира. Нью-Йорк - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мекендештер Чиркеевди бир айга чукул издешкен. Кийин полиция кызматкерлери анын сөөгүн Нью-Йорк шаарынын Сансет парктын айланасындагы Ист-Ривер дарыясынын жээгинен табышкан.

БИШКЕК, 4-май. — Sputnik. АКШнын Нью-Йорк шаарында бир ай мурда жоголгон кыргызстандык Азиз Чиркеевдин сөөгү табылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысына анын таанышы Бек Татибеков билдирди.

Сход оползня в селе Аюу Узгенского района - Sputnik Кыргызстан
Өзгөндө көчкү алдынан эки кыз менен бир баланын сөөгү табылды
Эскерте кетсек, АКШнын Нью-Йорк шаарында иштеп жүргөн 20 жаштагы кыргызстандык Азиз Чиркеев 3-апрель күнү кечки саат 9да (Нью-Йорк убактысы боюнча) жумуштан чыккан боюнча үйүнө келген эмес. Акыркы маалыматтар боюнча анын уюлдук телефону 6-апрелде күйүп, бир канча убакыттан кийин кайра өчүп калган. Аны издөө иштерине шаардык полиция жана кыргыз мекендештер чыгып, элчилик да жардем берерин айткан.

Татибековдун айтымында, жоголгон бала менен табылган адамдын бир экендигин аныкташ үчүн бир топ убакыт сарпталган.

"Ушул күнгө чейин белгисиз болуп жаткан бейтааныш адамдын сөөгү 30-апрелде Нью-Йорк шаарынын Сансет паркынын айланасындагы Ист-Ривер дарыясынын жээгинен табылган. Бүгүн АКШнын иммиграциялык кызматынын берген маалыматтары боюнча сөөк Азиз Чиркеевге таандык экени аныкталды. Ошондой эле анын манжа издери жана рентген сүрөттөрү дагы дал келди", — деди Татибеков.

Учурда полиция Чиркеевдин өлүмүнүн себептерин териштирип жатат.

Ал ортодо АКШдагы кыргыз мекендештер каза болгон адамдын сөөгүн мекенге жиберүү үчүн анын жакындарына жардам катары акча чогулта баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0