Сирияга жөнөгөн балалуу аял орто жолдон Кыргызстанга кайтарылды

© Sputnik / Табылды КадырбековАртын карап отурган аял. Архив
Артын карап отурган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда атайын кызмат Кыргызстанга кайтарылган келинди үгүттөп, башка мамлекетке жөнөтүүгө тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иштерин улантып жатат.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет атайын иш-чаралардын алкагында Баткен облусунда жашаган 28 жаштагы келинди Кыргызстанга кайтарып келди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, бул аракеттердин бардыгы Сириядагы согуш аракеттерине катышуу үчүн КР жарандардын чыгуусуна жол бербөө боюнча өткөрүлгөн контртеррордук иш-чаралардын жыйынтыгында ишке ашкан.

"Баткен облусунун тургуну эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрүнө кабылып, Сирияга баруу максатында Түркияга жөнөтүлгөн. Азыркы убакта ал баласы менен кошо туугандарына өткөрүп берилди", — деп айтылат маалыматта.

Учурда атайын кызмат келинди үгүттөп башка мамлекетке жөнөтүүгө тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иштерин улантып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0