Бишкекте Lexus окуучу кызды коюп кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөдө бараткан окуучу кыз. Архив
Көчөдө бараткан окуучу кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы 3-майда кечинде болгон.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Бишкек шаарынан Lexus-470 GX жол тандабасы окуучуну коюп кеткенин күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыгы 3-майда болжол менен саат 18:30дар чамасында Ахунбаев менен Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

"Lexus Ахунбаев көчөсү менен кетип баратып, оңго бурулганда 8-9 жаштардагы кызды коюп алды. Соккудан улам ал бир канча метрге учуп кеткен. Жерде жаткан боюнча ыйлап жаткан кызды айдоочу тургузганга аракет кылды", — деди күбө.

Кайгуул милициясы жол кырсыгы болгонун тастыктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0