Кырсыктаган таксидеги кош бойлуу келин ошол күнү төрөгөн

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүТакси автоунаасы. Архив
Такси автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайгуул милициясы жол кырсыгына кабылган айдоочуларды издеп жатат. Кош бойлуу келин унаалардын биринин жүргүнчүсү болгон.

БИШКЕК, 1-май. – Sputnik. Бишкекте 25 жаштагы кош бойлуу келин жол кырсыгынан кийин ооруканага жеткирилгенин №6 төрөт үйүнөн кабарлашты. 

Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте Тез жардам автоунаасы кырсыктап, айдоочу ооруканага жаткырылды
Кайгуул милициясы 28-апрелде Исанов менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен эки унаа кагышканын маалымдады. Такси кызматын көрсөткөн унаанын ичинде тогуз айлык боюнда бар келин болгон. Жолдо өтүп бараткан Тез жардам кызматы аялды №6 төрөт үйүнө жеткирген. Келин башынан жаракат алган. 

Төрөт үйүнөн маалымдашкандай, аял ошол эле күнү кесарева жолу менен төрөгөн. 

Кайгуул милициясы эки унаанын тең айдоочуларын издеп жатат. Милиция аларды көрсөтмө берүү үчүн чакырат. Ошондой эле ведомство окуянын күбөлөрүн маалымат берүсүн өтүнөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0