ӨКМ: Өзгөндөгү жер көчкүнүн алдында балдар да болушу мүмкүн

© Фото / пресс-служба МЧС КРПоследствия схода оползня в селе Аюу в Узгенского района
Последствия схода оползня в селе Аюу в Узгенского района - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда жер алдында калгандарды алып чыгуу иштерине 100дөн ашык куткаруучу тартылды.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Өзгөндөгү жер көчкүнүн алдында калган үйлөрдө, алдын ала маалыматтар боюнча балдар да бар. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан Sputnik Кыргызстан агенттигине кабарлашты.

"Алдын ала маалыматтарда жер көчкү алдында калган үй-бүлөлөрдүн бир катарларынын балдары болушу мүмкүн. Азыр куткаруучулар казуу иштерин жүргүзүп жатышат", — деп билдиришти ӨКМден.

Сход оползня в селе Аюу в Узгенского района - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Өзгөндөгү жер көчкүгө кабылгандарга тезинен жардам көрсөтүүнү тапшырды
Эске сала кетсек, 29-апрелде таңкы саат 06:40та көлөмү 1 миллион кубометр болгон жер көчкү жүрүп, они бир турак жайды жашоочулары менен басып калган.  

Учурда кырсыктагандандарды алып чыгуу боюнча 100гө чукул куткаруучу иштеп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов баш болгон жетекчилер окуя болгон жерде жүрөт.

Кырсык болгон жайда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынын окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0