Бишкек: автоунаа токтотуучу короодон төрт машинаны сүзгөн айдоочу качып кетти

Жазылуу
Айдоочу учурда изделип жатат.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Борбор калаада айдоочу автоунаа токтоочу короодон төрт машинаны сүзүп, изин жашырып кеткен. Бул тууралуу күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу билдирди. 

Анын айтымында, окуя Шабдан баатыр менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилиши жакта, саат 13.00дөр чамасында болгон.

Кайгуул милициясы мындай окуя болгонун тастыктап, айдоочу изделип жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0