Ошто аркар, тоо эчкинин терилери менен мүйүзү жүктөлгөн машина кармалды

© Фото / пресс-служба ГТС КРКонтрабанда шкур редких животных КР
Контрабанда шкур редких животных КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тинтүү учурунда жети аркардын териси менен 14 даана мүйүзү, төрт тоо текенин териси менен сегиз мүйүзү табылган.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. "Ош" бажысынын кызматкерлери аркардын, тоо эчкинин терилери менен 20дан ашык мүйүзү жүктөлгөн унааны кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

© Фото / пресс-служба ГТС КР"Ош" бажысынын кызматкерлери аркардын, тоо эчкинин терилери менен 20дан ашык мүйүзү жүктөлгөн унааны кармашты.
Ош бажысынын кызматкерлери аркардын, тоо эчкинин терилери менен 20дан ашык мүйүзү жүктөлгөн унааны кармашты. - Sputnik Кыргызстан
1/3
"Ош" бажысынын кызматкерлери аркардын, тоо эчкинин терилери менен 20дан ашык мүйүзү жүктөлгөн унааны кармашты.
© Фото / пресс-служба ГТС КРКыргызстандын Кызыл китебине кирген жанырбарлардын териси менен мүйүзү Тажикстандан Кыргызстанга келе жаткан машинадан табылган.
Кыргызстандын Кызыл китебине кирген жанырбарлардын териси менен мүйүзү Тажикстандан Кыргызстанга келе жаткан машинадан табылган. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Кыргызстандын Кызыл китебине кирген жанырбарлардын териси менен мүйүзү Тажикстандан Кыргызстанга келе жаткан машинадан табылган.
© Фото / пресс-служба ГТС КРТинтүү учурунда жети аркардын териси менен 14 даана мүйүзү, төрт тоо текенин териси менен сегиз мүйүзү табылган.
Тинтүү учурунда жети аркардын териси менен 14 даана мүйүзү, төрт тоо текенин териси менен сегиз мүйүзү табылган. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Тинтүү учурунда жети аркардын териси менен 14 даана мүйүзү, төрт тоо текенин териси менен сегиз мүйүзү табылган.
1/3
"Ош" бажысынын кызматкерлери аркардын, тоо эчкинин терилери менен 20дан ашык мүйүзү жүктөлгөн унааны кармашты.
2/3
Кыргызстандын Кызыл китебине кирген жанырбарлардын териси менен мүйүзү Тажикстандан Кыргызстанга келе жаткан машинадан табылган.
3/3
Тинтүү учурунда жети аркардын териси менен 14 даана мүйүзү, төрт тоо текенин териси менен сегиз мүйүзү табылган.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Кызыл китебине кирген жанырбарлардын териси менен мүйүзү Тажикстандан Кыргызстанга келе жаткан машинадан табылган.

"27-апрелде Алай районундагы Сары-Таш айылындагы "Бордөбө" бажы постунан Тажикстандан Кыргызстанды карай келе жаткан УАЗ 33909 үлгүсүндөгү машина токтотулган. Унаадан койдун терилеринин алдына жашырылган аркардын, тоо текенин терилери табылган. Аларды ЕАЭБ мамлекеттеринин аймагына алып кирүүгө уруксат берүүчү документтер болгон эмес", — деп айтылат маалыматта.

Архар (горный баран) или аргали - Sputnik Кыргызстан
ИИМ аркарды ташка алып өлтүргөн жарандарды издеп жатат
Тинтүү учурунда жети аркардын териси менен 14 даана мүйүзү, төрт тоо текенин териси менен сегиз мүйүзү табылган.

Аталган факты боюнча тийиштүү материалдар топтолуп, машина менен табылган нерселер иш толук иликтенгенге чейин Жаратылышты коргоо департаментине сактоого берилди. Учурда бажы кызматы тергөө амалдарын жүргүзүп, анын жыйынтыгы менен материалдарды Ош прокуратурасына берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0