Ысык-Көлдө күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

© Фото / Владислав УшаковОзера на территории Кыргызской Республики
Озера на территории Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сейсмология институтунан жер силкинүү бүгүн 11.00дө болгонун айтышты.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы көлдүн түштүк жээги, Бөкөнбаев айылына жакын аймакта күчү беш баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине Илимдер академиясынын Сейсмология институтунан кабарлашты.

Вид на город Бишкек с дрона - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте ири жер титирөө болот деген божомолго башкы сейсмолог жооп берди
Жер силкинүү бүгүн 11.00дө катталып, анын очогу Бөкөнбаев айылынан түштүк-батышты карай 33 чакырым аралыкта жайгашкан.

Жердин термелүүсү жакын жайгашкан Темир-Канат, Тогуз-Булак айылдарында 4 баллга жеткен. Алдын ала маалыматтарда жабыркагандар жана ураган имараттар болгон эмес. Институттан эпицентрге жакын жердеги үйлөрдөн жарака кетиши мүмкүндүгүн айтышты.

Эмне үчүн жер титирөөлөр болорун Sputnik Кыргызстан инфографикасынан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0