Эки жыл бою курал сатып келген күч түзүм кызматкерлеринин иши сотко өттү

© Sputnik / Табылды КадырбековНезаконное продажа огнестрельного оружия
Незаконное продажа огнестрельного оружия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган кылмыш иши боюнча ИИМдин учурдагы кызматкерлери, күч түзүмдөрүнүн мурунку жана учурдагы аскерлери, жөнөкөй жаран болуп 13 адамга кине коюлууда.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин, күч түзүмдөрүнүн мурунку жана учурдагы кызматкерлери курал саткан деп шектелүүдө. Бул тууралу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, аскер прокуратурасы Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер бөлүгүндөгү куралдардын сатылышы боюнча тергөөнү аяктап, иш Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлдү.

Курал жарактар. Архив - Sputnik Кыргызстан
2010-жылы апрель окуясында жоголгон курал-жарактын теңи табыла элек
Тергөө учурунда 2014-2016-жылдары укук коргоо органдарында иштеген топ адам Чек ара кызматына караштуу аскер бөлүгүндө сакталган ок-дары, куралдарды уурдап, башка адамдарга сатканы аныкталган.

Аталган кылмыш иши боюнча ИИМдин учурдагы кызматкерлери, күч түзүмдөрүнүн мурунку жана учурдагы аскерлери, жөнөкөй жарандар болуп 13 адамга бир канча берене боюнча кине коюлууда.

Мындан сырткары, курал-жарактардын уурдалышына жол берген кызматчыларга карата тергөө уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0