ӨКМ: Майлуу-Суудагы көчкү дарыянын нугун тосуп калышы мүмкүн

© Фото / пресс-служба МЧС КРПоследствия наводнения на участке Кой-Таш
Последствия наводнения на участке Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түзүлгөн жагдайдан улам 36 турак жайдын жашоочуларына эскертүү берилди.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Кой-Таш участкасында көчкөн жер Майлуу-Суу дарыясынын нугун тосуп калышы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 28-апрелинде саат 00:30 чамасында Майлуу-Суу шаарына караштуу Кой-Таш участкасында болжол менен 18 миң метр куб жер көчкүсү Майлуу-Суу дарыясынын жарымына чейин сүрүлүп түшкөн.

"Жер көчкүдөн улам дарыянын нугун тосуп калуу коркунучу пайда болгон. Ошого байланыштуу Кара-Жыгач айылынын 36 түтүнүн коопсуз жайга көчүрүү каралууда", — деп жазылат маалыматта.

Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Жагдай айылдык башкармалыктын көзөмөлүнө алынды.

Кыргызстандагы табигый кырсыктар каттала турган кооптуу жайлар тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0