Кайгуул милициясы Токмоктун аймагында жол кырсыгына кабылды

© Sputnik / Табылды КадырбековПатрулдук милиясынын автоунаасы. Архив
Патрулдук милиясынын автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Volkswagen Golf автоунаасы кайгуул милициясынын машинасы менен бүгүн болжол менен саат 14:30дар чамасында кагышкан.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Кайгуул милициясы Токмоктун аймагында жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине маалымдады.

"Эч ким жабыркаган жок. Алдын ала маалымат боюнча Golf унаасынын айдоочусу күнөөлүү деп айтылууда. Ал тыюу салынган жерден бурулду. Ал эми милициянын автоунаасы атайын сигнал берген атайын жарыкты күйгүзүп алып келе жаткан", — деп күбө билдирди.

Кайгуул милициясынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын маалымат кызматы окуяны тактап жатканын айтышты.

Эгер кандайдыр бир окуяга күбө болуп калсаңыз, анын сүрөтүн, видеосун биздин WhatsApp номер +996 706 566 544 аркылуу жиберсеңиз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0