Күбө: Бишкекте жөө адамдар өтө турган жол чийинден унаа эки адамды сүзүп кетти

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күбөлөр рулду аял киши башкарып бараткан деп айтышты.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Бишкектеги Абдрахманов көчөсүндө (Чүй прсопектиси менен кесилишет) эки эркек кишини унаа коюп кетти. Бул тууралуу күбө WhatsApp каналы аркылуу маалымдады.

ШИИБ Кайгуул милициясынын Жол коопсуздугу бөлүмүнүн жетекчи орун басары Турусбек Абдыжапаров - Sputnik Кыргызстан
Радио
Абдыжапаров: кырсык айдоочулардын жол эрежесине болгон кайдыгерлигинен көбөйүүдө
Күбөнүн айтымында, жеңил унааны аял айдап бараткан. Окуя жөө адамдар өтө турчу жол чийинге жакын жерде болгон.

Жабыркагандардын абалы азырынча белгисиз. Окуя болгон жерге Тез жардам кызматы менен Кайгуул милициясы жөнөп кетти. Айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен эмес.

Эгер кандайдыр бир окуяга күбө болуп калсаңыз, анын сүрөтүн, видеосун биздин WhatsApp номер аркылуу жиберсеңиз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0