Калининградда террордук топтун мүчөсү делип 12 киши кармалды

© Фото / ФСБ РФ / Медиабанкка өтүүШектүүлөрдү кармоо. Архив
Шектүүлөрдү кармоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалгандардын лидери сурак учурунда анын туугандары эл аралык террордук уюмдун аракеттерине катышып жүргөнүн айткан.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Россиянын Калининград облусунан Федералдык коопсуздук кызматынын атайын даярдыктагы аскерлери "Ислам жихады — моджахеддер жамааты" террордук уюмуна мүчө делген 12 кишини кармады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Заседание Савеловского суда по делу Акромана Местоева - Sputnik Кыргызстан
Сирияда туткундарды өлүм жазасына тартууга катышты делген киши Бишкектен кармалды
Атайын кызмат топтун лидери ким экенин да аныктаган. Ал Өзбекстанда дагы экстремисттик мүнөздөгү кылмыш жасаган деп издөөгө алынган. Укук коргоо органдарынын алдын ала маалыматы боюнча топтун башчысы Калининград облусунун тургундарын жана Орто Азиядан келгендерди террордук уюмга азгырып жүргөн.

Кармалган жаран сурак учурунда анын туугандары эл аралык террордук уюмдун аракеттерине катышып жүргөнүн айткан.

Аларды өз мекенине жакын арада жөнөтүү боюнча аракеттер көрүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0