Өзгөндө тракторчу сүзүп кеткен адам мерт болду

© Sputnik / Катерина Совдагари / Медиабанкка өтүүСбор урожая кукурузы в Кахетии
Сбор урожая кукурузы в Кахетии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматтар боюнча айдоочу мас абалда болгон.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Өзгөндө тракторчу бир адамды сүзүп алды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Каргашалуу окуя үстүбүздөгү жылдын 24-апрель күнү Жылалды айыл өкмөтүндө болгон.

"Алдын ала маалыматтар боюнча айдоочу мас абалда болгон. Кырсыкка кабылган улгайган адам окуя болгон жерде мүрт кеткен", — деп жазылат маалыматта.

Трактор айып короого токтотулуп, тергөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0