Москвада кыргызстандык жаранды бычактап 13-кабаттан ыргытып жиберишкен

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүВиды Москвы
Виды Москвы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүүгө элчилик жардамдашат.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Москвада бычакталган кыргызстандык жаранды 13-кабаттан ыргытылганын Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, элчиликтин өкүлү ишти карап жаткан Кузьмин райондор аралык тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү менен жолугуп, 17-апрелден 18ине караган түнү болгон кырсыктын чоо-жайын тактады.

Учурда тергөө жүрүп жатат, кыргызстандык жаранды өлтүрүүгө шектүүлөр аныкталды. 

Элчилик маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү иштерине көмөктөшөрүн билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0