Кыргызстандык жарандан 10 миң доллар талап кылууга шектелип банкирлер кармалды

Жазылуу
Жаран банктан 25 миллион сом насыя алууну көздөгөн. Маселенин оң жакка чечилиши үчүн банк кызматкерлери ири суммадагы каражат талап кылышкан.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Кыргызстандагы эки банктын кызматкерлери насыя алуучу жарандан акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 25-мартта К.Г. аттуу жаран "Айыл Банктын" кызматкери андан ири көлөмдөгү акча каражатын талап кылып жатканын айтып, УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматына кайрылган.

"Арыздануучу насыя алуу үчүн банкка кайрылганда, андагы кызматкер жарандан 10 миң доллар талап кылганын билдирген. Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 225-беренесинин 2-бөлүгү (ири суммадагы акча талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми 24-апрелде "Айыл Банктын" кызматкерине ортомчулук кылууга шектелген "Бакай Банктын" кызматкери арыздануучудан 170 миң сом алып жаткан жеринен кармалган.

Учурда тергөө иштери уланып, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0