Ошто үч кызды зордуктоого шектелип 21 жаштагы жаран кармалды

© AFP / GREG BAKER Секс-магазин в Китае
Секс-магазин в Китае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү жаран түнкүсүн шаардагы кафе-ресторандарды акмалап кыздар жалгыз калганда барып кол салып келгени аныкталды.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Ош шаарында үч кызды зордуктоого шектелип 21 жаштагы жаран кармалды. Бул туурасында Ош ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, март-апрель айларында шаардык ички иштер башкармалыгына зордуктоо жана тоноо фактылары боюнча үч кыздан арыз түшкөн. Алардын берген көрсөтмөлөрүнөн улам кылмышкер бир эле адам экени аныкталган.

"Шектүү жаран түнкүсүн шаардагы кафе-ресторандарды акмалап кыздар жалгыз калганда барып кол салчу экен. Ал 24 жаштагы кызды "Мээрим" ресторанынан чыкканда зордуктап, 5300 сом акчасын карактап кеткен. Ал эми "Капитал" ресторанынын арт жагынан 19 жаштагы жана "Корзинка" дүкөнүнөн чыгып бара жаткан 27 жаштагы кызды зордуктоого аракет жасаган", — деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектелип Ош шаарында убактылуу жашаган 21деги жаран кармалды. Ага карата кылмыш жаза кодексинин 129 (зордуктоо) жана 167 (тоноо) беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0